Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:03

Мамлекет Бакиевдерге таандык 25 объектти пайдаланууда

Кыргызстандын бийликтен кулатылган президенти Курманбек Бакиевге жана анын жакындарына таандык деп айтылган объекттердин жарымын азыркы бийлик колдонуп жатат.

Мамлекеттик мүлктөр башкармалыгы фондунан билдиришкендей, 2010-жылдын апрелинен соң улутташтырылган 25 имарат азыр өкмөттүн көзөмөлүндө. Анын 14ү мамлекеттик мекемелерге, үчөө өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнө, экөө өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнө берилсе, алтоо мүлк башкармалыгынын балансында.

Улутташтырылган дагы 21 объект менчикке өткөрүү программасына киргизилген.

XS
SM
MD
LG