Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:53

Район акимдерине чара колдонуу сунушталууда


Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Аалы Карашев айрым райондордун акимдерине чара колдонууну өкмөт башчыга сунуштады. Өткөн апта соңунда өкмөттүк жыйында Карашев акимдер мурда берилген тапшырмаларды аткарбай жатканын айтып, бул үчүн айрымдарды кызматтан алуу, кээ бирлерине эскертүү жана сөгүш берүү зарылдыгын белгиледи.

Биринчи вице-премьер-министр начар иштеди деп сыпаттагандардын арасында Лейлек, Сузак, Кара-Кулжа, Түп, Кочкор, Базар-Коргон райондорунун акимдери, Талас районунун акиминин биринчи орунбасары бар. Балыкчы шаарынын мэри да бул тизмеге кошулган.

Акимдер өз аймактарында жыл соңуна чейин ондон кем эмес ишкана ачуу талабын аткарбаганы үчүн начар иштеген деп айтылууда.

Өкмөт башчы Темир Сариев быйыл августта район акимдерине ар бир айыл өкмөттө кеминде ондон майда ишкана ачуу тапшырмасын жүктөгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG