Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Бүгүн Бишкек-Жалал-Абад каттамы жанданат


Бир жыл мурун токтотулган Бишкек-Жалал-Абад авиакаттамы 28-декабрдан тарта кайра жанданат. “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришкендей, учак аптасына бир жолу учат. Эгер жүргүнчүлөрдүн саны көбөйсө, эки каттам аткарылат.

Аба майданындагы учуу тилкесинин кыскалыгы жана айрым техникалык жагдайлардан улам 2014-жылдын 28-октябрында каттам токтотулган эле. Ага чейин аптасына эки жолу учуп турган.

Бишкек-Жалал-Абад каттамына билет баасы 2500-2800 сом болору айтылууда. Учууларды “Авиатраффик” компаниясы аткарат.

Жалал-Абад аэропорту 1945-жылы салынган. 22 тоннага чейин салмакка болжолдонгон учуу тилкеси 1740 метр. Жергиликтүү бийлик ага 200 метр кошулганын билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG