Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:01

Кытайда биринчи жолу үй бүлөдөгү зордук-зомбулукка каршы мыйзам кабыл алынды


Кытайда биринчи жолу кабыл алынган мыйзам расмий жубайларга гана эмес, чогуу жашаган аял-эркекке дагы тиешелүү, бирок гомосексуал түгөйлөр тууралуу сөз жок.

Мыйзам үйдөгү зордук-зомбулуктун бардык түрүнө, психологиялык кысым көрсөтүүгө тыюу салып, мындай талаш-тартыштардын сотто чечилишине өбөлгө болот.

Буга чейин Кытайда үй бүлөдөгү зомбулукка каршы чара көрүүчү мыйзамдык норма болгон эмес жана салт боюнча ал укук бузуу деп каралган эмес.

Кытай аялдар федерациясынын маалыматына караганда аялдардын төрттөн бири үй бүлөдөгү зомбулукка кабылса, алардын 40-50 миңи гана расмий түрдө арыздана алат.

Ал эми гомосексуал түгөйлөр тууралуу мыйзамда каралбаганын Кытай парламентинин мыйзам чыгаруу комиссиясынын мүчөсү зомбулуктун мындай формасы тууралуу эч маалымат жоктугу менен түшүндүрдү. Кытайда гомосексуализмге тыюу салынган эмес, ошол эле маалда андай түгөйлөрдүн укуктарын коргой турган эч кандай норма дагы жок.

XS
SM
MD
LG