Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:58

Юлдуз Усманованын Каримовго атаган ыры сынга кабылды


Юлдуз Усманова
Юлдуз Усманова

Өзбекстандык белгилүү эстрада жылдызы, 52 жаштагы Юлдуз Усманова 22-декабрда Ташкендеги «Навруз» ресторанындагы майрамдык кечеде президентке арнап чыгарган ырын аткарып, Каримовду падышага теңеди.

-Мен ырды биздин падышага, элибизди канча жылдан бери башкарып келген жана өлкөбүздө тынчтыкты жана ынтымакты сактап турган атабызга арнадым. Мен ага миң мертебе ыраазымын, - дейт Усманова.

Анын чыгармасы президенттин кичи мекени - Самарканд шаарын даңазалоодон башталып, Каримовду "Амир Темирдин мураскери" деп атаган.

500 кишиден турган сыйлуу коноктордун арасында көптөгөн дипломаттар, анын ичинде Түркиянын Өзбекстандагы элчиси Намик Гюнер Эрпул да отурду.

Ал арада аталган ыр социалдык тармактарда сынга кабылып, кошоматчылык деп сыпатталууда.

Усманова 2012-жылы Каримовдун тун кызы Гүлнара Каримовага арнап да "Гүлисан" деген ыр жазган.

Юлдуз Усманова 2008-жылдан бери бейрасмий тыюунун негизинде чоң сахналарда ырдай албайт. Анын клиптери жана ырлары телерадиодон берилбейт. (SE/AKu)

XS
SM
MD
LG