Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:00

Кабулдун аэропортунда жардыруу болду


Ооганстандын борборундагы эл аралык аэропортто мина коюлган автоунаа жарылып, андан кеминде бир адам мерт кетти. Он үч адам оор жараат алган. Полиция башчысы Хак Наваз Хакйар эл аралык аэропорттогу жарылуу курмандыктарынын саны көп болушу мүмкүн экенин билдирди. Жардыруу үчүн өзүнө жоопкерчиликти ооган талиптеринин өкүлү Муджахид Забиулла алды.

Бул жардыруу Пакистандын аскер башчысы Рахил Шариф талиптер менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн уюштуруу боюнча Кабулга келип кеткендин эртеси болду. Бул тынчтык сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду үстүбүздөгү жылдын июль айында болуп, бирок талиптердин башчысы молдо Омардын өлгөнү ачыкка чыккан соң үзгүлтүккө учураган.

XS
SM
MD
LG