Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

ИИМ: журналистке кол салуу боюнча кылмыш иши бүгүн козголот


Ички иштер министрлиги “24.kg” маалымат агенттигинин журналисти Дарья Подольскаяга кол салган окуяны иликтеп, тактоого алууда. Ишти министр Мелис Турганбаев өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат катчысы Бакыт Сеитов “Азаттыкка” кабарлады.

25-декабрдан 26сына караган түнү жаңы жылдык жамааттык кечеден кайтып келатканда журналист Дарья Подольскаяга үйүнө кире бериште белгисиз адам кол салган. Өзүнүн айтымында, ал эч нерсесине тийген эмес. Болгону “Унчукпа” деп оозун жаап, муунтканга аракет кылган.

“Ошол кезде ити менен кошунабыз чыгып калды. Кол салган бала белгисиз тарапка качып кетти. Ал эмне себептен кол салганын айта албайм. Бул менин ишиме байланыштуу деп да бир жактуу айтуу кыйын. Бирок муну жөнөкөй турмуштук кол салуу деп айтууга да болбойт. Ал мени эшиктин оозунда күтүп турган”, - деди Подольская.

ИИМ басма сөз катчысы Бакыт Сеитовдун айтуусунда, тиешелүү органдар менен тактоо иштери жүрүп жатат. Муну министр өз көзөмөлүнө алып, Бишкек шаардык ичики иштер башкармалыгынын башчысы Кашкар Жунушалиевге тапшырма берди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG