Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Токио Сеулдан кечирим сурады


Жапония менен Түштүк Кореянын тышкы иштер министрлери экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы сексуалдык кулчулук үчүн кун төлөө маселесин чечүүгө макулдашты. Сеулдагы сүйлөшүү учурунда Жапониянын өкүлдөрү экинчи дүйнөлүк согуш учурунда аскерий сойкуканаларда корей аялдарын пайдаланганы үчүн расмий кечирим сурашты. Жапониянын тышкы иштер министри Фумио Кисида мына ошол сексуалдык кулчулукка кабылган аялдарга жардам көрсөтүү үчүн 8 миллион долларлык атайын фонд түзүлгөнүн жарыялады.

Түштүк Кореянын тышкы иштер министри жапон бийлиги өзүнүн алган млидеттенмесин толук аткарып бүткөндөн кийин гана маселе чечиле турганын айтты. Расмий Сеулдун маалыматы боюнча, Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Түштүк Кореядан, Кытайдан, Тайвандан жана Филлиппинден 200 миңден ашуун аялдар жапон аскерлеринин көңүл ачуусу үчүн алып барылган. Түштүк Кореяда мына ошол аялдардын азыр кырк алтысы тирүү. Буга чейин Токио менен Сеул буга чейин бул маселенин айланасында ондон ашуун сүйлөшүү жүрүп, бирок анын бардыгы жыйынтыксыз болуп келген.

XS
SM
MD
LG