Украинадагы “Оңчул сектор” улутчул кыймылынын башчысы Дмитрий Ярош өзүнүн уюмдан чыкканын жана жаңы коомдук-саясий бирикме түзгөнүн жарыялады. “Мен өзүмдүн командам менен бирге “Оңчул сектор” улутук-боштондук кыймылынан чыктым” – деп билдирди Дмитрий Ярош. Ошондой эле ал жаңы коомдук-саясий кыймыл түзүп, аны негиздөө курултайы февраль айына белгиленгенин айтты. Мындан сырткары Ярош өзүнүн командасы менен биргеликте революциялык жолдон кайтпай турганын кошумчалаган. Орусияда “Оңчул сектор” уюму экстремисттик деп табылган.