Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:34

Орусиялык аскерлер тобу Сириядагы авиабазадан кайтып келди


Кара деңиз флотунун 186 аскери Сириядагы авиабазадан Орусияга кайтып келишти. Алар орусиялык учактар тапшырма аткаруу үчүн учуп чыгып жаткан Хмеймим базасын кайтарып турушкан.

Деңиз аскерлерин ташыган ИЛ-76 учагы дүйшөмбүгө караган түнү Севастополдогу Бельбек аэродромуна конду. Бул аскерлер Орусиянын Сириядагы аскерий операциясы башталгандан бери эки ай ал жакта кызмат өтөшкөн.

Учурда Орусиянын Сириядагы авиабазасында беш миңден ашуун аскер бар. Жаңы жылга чейин андагы аскер бөлүгүнүн курамы толук алмаша турганы айтылды.

XS
SM
MD
LG