Дүйшөмбү күнү Бакунун оор кылмыштар боюнча соту журналист Рафуа Миркадыровду алты жылга эркинен ажыратып, жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартипте өтөөгө өкүм кылды. Бул журналист Армениянын кызыкчылыгына тыңчылык кылган деген кине менен кармалган болчу. Мамлекеттик айыптоо аны жети жылга эркинен ажыратууну соттон сураган. Бирок коомчулукта журналист Миркадыров абийир туткуну деп таанылган. Анткени анын санаалаштары журналистти камоонун түпкү себеби бийликтин Миркадыров катышкан укук коргоочу Лейла Юнустун долбоорлорун тыңчылыкка жана зыянкечтикке байланыштуу деп көргөзүү аракети дешет. Укук коргоочу жубайлар Лейла Юнусу менен Ариф Юнуска дагы мамлекетке чыккынчылык кылган беренеси боюнча иш козголуп, бирок ал кийин өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн.