Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:37

Иран Орусияга 11 тонна чала байытылган уран жөнөттү


Иран желеги.
Иран желеги.

Ирандан Орусияга 11 тонна чала байытылган уран жүктөлгөн кеме сапар алганын АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри билдирди. Бул быйыл июль айында өзөктүк программа боюнча жетишилген макулдашуунун эң маанилүү кадамы экенин Керри белгиледи.

Чала байытылган уран электр энергиясын өндүрүүгө колдонулат. Бирок аны өзөктүк куралдарды даярдоого пайдалануу деле мүмкүн. Ирандын өзөктүк курал чыгарбашы макулдашуунун негизги милдеттенмеси болуп саналат.

Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик Иран дүйнөдөгү алты ири мамлекет менен кол коюлган келишимге ылайык, өзөктүк программасын кыскарта баштаганын ырастаган.

АКШ жана Европа биримдиги Тегеран айрым шарттарды аткарса, Иранга киргизилген санкцияларды жоюу тууралуу сүйлөшкөн.

Батыш өлкөлөрү Иран өзөктүк программасына жамынып алып, ядролук курал жасайт деп шек санайт. Тегеран программасы толугу менен тынчтык максатты гана көздөрүн белгилеп жүрөт. (SE)

XS
SM
MD
LG