Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:19

Улуттук банк бир айда 13-ирет акча сатыкка чыгарды


Улуттук банктын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, 28-декабрда 1,8 миллион АКШ доллары сатыкка чыкты. Ушуну менен башкы банк декабрь айында 21 млн. 650 миң долларды интервенция кылды.

Мындай аракеттерге карабай, өлкөнүн акча алмаштыруучу жайларында доллардын баасы өзгөрүлбөй бир калыпта турат. Долларды сатып алуу 75,6 сом болсо, сатуу 76 сомго туура келди.

Кыргызстанда доллар 23-октябрдан тартып кескин жогорулай баштаган. Ноябрдын этегинде бир АКШ акчасы 78-79 сомдон айланган. Бул кырдаалды Улуттук банк чайкоочулук катары баалап, айрым банктардын филиалдарына эскертүү берип, бир катар интервенциядан кийин доллар курсу 76 сомго түшкөн. (SDz)

XS
SM
MD
LG