28-декабрда таңга маал кароолдо турган эки сержантты атып салган жоокер Аскар Мейкин уулу камакка алынды. Башкы прокуратуранын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн прокурору Нурлан Тагаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, окуя боюнча аскердик прокуратура кылмыш ишин козгоду.
- Иш Кылмыш кодексинин 97, 304, 305 жана 316-беренелерине ылайык козголду. Аскер прокуратурасы тарабынан тергөө тобу түзүлүп, тергөө иш чаралары башталды, – деди Тагаев.
Кечээ “Пантера” деп аталган атайын даярдыктагы бөлүктө кызмат өтөп жатканына үч ай болгон жоокер таңга маал кароолдо турган эки сержантты атып салган. Натыйжада бирөө алган жаракаттан улам ооруканада көз жумду, үч жолу ок жеген экинчи аскердин абалы оор бойдон калууда. Кечээ Улуттук гвардиянын тарбия бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Мырзабаев "Азаттыкка" кароолдо турган жоокерге кол салуу болгондуктан ал курал колдонгонун айткан. (SDz)