Жалал-Абадда жергиликтүү кеңештер кабыл алган токтомдордун тең жарымы укуктук күчкө ээ эмес. Мындай маалыматты облустук юстиция башкармалыгынын башкы адиси Алмаз Аманбаев "Азаттыкка" билдирди.
- Быйылкы жыл ичинде облус аймагындагы 69 айылдык жана 8 шаардык кеңештер кабыл алган 1800 токтомдун 800гө жакыны гана мамлекеттик реестрге катталган. Калган сунушталган токтомдор кээ бир каталар менен артка кайтарылгандыгына карабай, кайра келген эмес жана юридикалык күчкө ээ эмес болуп саналат, - дейт Аманбаев.
Бирок ага карабай, мыйзамдын талабы жергиликтүү кеңештер, айыл өкмөттөрү тарабынан аткарылбай келүүдө.
Мыйзамга ылайык жергиликтүү кеңештер кабыл алган токтомдор жер-жерлерде маалымдоо каражаттарында жарыяланып, юстиция башкармалыгы аркылуу мамлекеттик реестрге киргизилгенден кийин гана укуктук күчкө ээ болот. (RsK)