Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:57

Казакстан кар аралаш бороон-чапкындан жапа чегүүдө


Казакстан -- Караганды облусундагы кардуу бороон (иллюстративдик сүрөт)
Казакстан -- Караганды облусундагы кардуу бороон (иллюстративдик сүрөт)

Аба ырайынын кескин начарлашынан Астана менен Алматы аба майдандарында бир канча каттамдар токтотулду. Мунун алдында Казакстандын алты облусунда катуу бороондон улам жолдор жабылганын "Азаттыктын" казак кызмты чукул кырдаалдар кызматына таянып кабарлаган. Маалыматка караганда, 28-декабрдан тарта Акмоло, Караганды, Актөбө, Жамбыл, Костанай жана Чыгыш Казакстан облустарында автоунаалардын бардык түрүнө жолдо жүрүүгө чектөөлөр киргизилген.

Чыгыш Казакстан облусунун Көкпекти районундагы тогуз айыл округунда калың кардан улам өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул айылдарда тыш дүйнө менен байланыш үзүлгөн. Азыр аталган аймакта жолдорду ачуу менен жолдо калган адамдарды жана унааларды куткаруу иштери жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG