Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:57

Каракол музейи жаңы жетекчини кабыл албай жатат


Караколдогу Пржевальскийдин үй-музейи.
Караколдогу Пржевальскийдин үй-музейи.

Каракол шаарынын Карасаев–Пржевальский мемориалдык музей комплексинин маданият бөлүмүнүн жаштары жаңы дайындалган жетекчиси Зинагүл Камбаровага нааразылыктарын билдиришүүдө.

Маданият бөлүмүнүн жаштары мэриянын макулдугу жок, жеке облус жетекчиси Эмилбек Каптагаевдин оозеки буйругу менен музей директорунун дайындалып калышына нааразы. Алар жетекчиликке жаш кызматкер келишин талап кылышууда.

Өз кезегинде жаңы дайындалган музей жетекчиси Зинагүл Камбарова шаардын маданий бөлүмүнүн чечими менен келгенин айтып, нааразы болуп жаткан жаштарга иш менен жооп берерин билдирди.

Карасаев–Пржевальский мемориалдык музей комплекси ноябрь айынан бери жетекчиси жок иштеп келе жаткан. Музейде Николай Пржевальскийдин экспедиция учурунда чогултулган эмгектери, өздүк буюмдары жана документтери бар.

Музейде 7 киши иштейт. (AsM)

XS
SM
MD
LG