Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Разаков: облакимчиликте бильярдкана жок


Баткен облустук аакимчилиги бильярд ойноочу жайды оңдоого тендер жарыялаганы боюнча маалымат туура эмес жазылганын өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков «Азаттыкка» билдирди.

- Мурда бильярд залы болгон бөлмөнү кайрадан капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, меймандар жашай тургандай абалга келтирүү үчүн тендер жарыяланышы керек болчу. Болгону туура эмес жазылып калган, өкүлчүлүктө бильярдкана жок, - деп айтты Разаков.

Буга чейин мамлекттик сатып алуулар боюнча порталда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн бильярд залын оңдоо үчүн 433 миң сомдон ашык акчага тендер жарыяланган. (JsA)

XS
SM
MD
LG