Пакистан полициясы өлкөнүн түндүк-батышындагы Мардан шаарындагы жардыруудан 18 адам мерт болгонун кабарлады. Аталган шаардын полиция башчысынын орун басары Саид Вазир бүгүн "Азаттыктын" Пакистан кызматы - Машал радиосуна жардыруудан дагы 28 киши жаракат алганын айтты. Жардыруу мамлекеттик каттоо кызматынын аймактагы бөлүмү жайгашкан имараттын жанында болгон. Алгачкы кабарларда жардырууну жанкечти-террорчу жасаганы кабарланган. Бирок полиция жардыруу кандайча жасалганы азырынча аныктала электигин, мотоциклге коюлган бомба жардырылганы да божомолдонуп жатканын билдирди.
Бул үчүн Талибандын Пакистандагы тутумуна кирген Жамаат уль-Ахрар тобу жоопкерчилик алды.
Мардан шаары Ооганстан менен чектешкен Хайбер-Пахтунхва провинциясынын борбору Пешавардан түндүк-батышка карай 50 чакырымдай аралыкта жайгашкан.