Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Британияда жубайлар теракт пландаганы үчүн абакка кесилди


Лондондогу полиция кызматкери.
Лондондогу полиция кызматкери.

Британияда 25 жана 24 жаштагы жубайлар Мухаммед Рахман жана Сана Ахмед Хан Лондон шаарындагы метрого 2005-жылдын 7-июлунда жасалган чабуулдун 10 жылдыгына карата дагы теракт уюштурууга камынган деген шек менен быйыл май айында кармалган болчу. 29-декабрда сот аларды күнөөлүү деп тапты.

Маалыматка ылайык, Рахман химиялык заттар кошулуп даярдалган бомбаны жасап бүтөрүнө аз күн калганда колго түшкөн. Аялы болсо жардыргычка кошулчу керектүү заттарды интернеттен сатып алууга көмөктөшкөн.

“Твиттерде” Silent Bomber деген ник менен катталган Рахман окурмандарынан чабуул жасалчу жерди аныктоого көмөктөшүүнү да өтүнүп, “Жардырууну Westfield соода борборунда уюштурсамбы же метродобу?” деп суроо да салган. Бирок алар күнөөнү мойнуна алышкан жок. Жубайлардын камак мөөнөтү азырынча анык эмес.

2005-жылдагы Лондон метросундагы жардыруу 52 кишинин өмүрүн алган. (SE)

XS
SM
MD
LG