Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Яценюк украин саясатчыларына чыдамкайлык менен иштөөнү сунуштады


Арсений Яценюк
Арсений Яценюк

Украина премьер-министри Арсений Яценюк 29-декабрда жыл жыйынтыгына арналган басма сөз жыйынында келерки жылы өлкө аймактык бүтүндүк жаатында максатына жетип, энергетикалык көз карандылыктан чыгуунун маанилүү кадамдары башталарын маалымдады. Ал 2015-жылдын экинчи жарымынан тарта Украина экономикасында өсүү байкалганын кошумчалап, Донецк, Луганск облустарын жана Крымды кайтарып алуу – 2016-жылдагы негизги максат экенин белгиледи. Андан сырткары, Орусияга каршы бир катар сот иштери башталганын билдирди:

- Орусияга каршы азырынча төрт сот иши бар. Баары Москва Крымды мыйзамсыз түрдө аннексиялап алганына байланыштуу. Ишти Адам укуктары боюнча Европа соту карап жатат. Андан сырткары, Орусия терроризмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык конвенцияны бузганы үчүн да БУУнун эл аралык сотуна арыз жазылган,- деди Яценюк.

Премьер-министр Одесса облусунун губернатору Михаил Саакашвили менен ички иштер министри Арсен Аваковдун ортосундагы чырга да токтолуп, бул абалда Аваковду колдоо керектигин белгиледи. “Тарых баарын таразалайт” деген Яценюк өлкөдөгү азыркы жагдайда тишти тишке басып, чыдамкайлык менен иштөө зарылдыгын эскертти.

Саакашвили жакында Аваковду жемкорлукка айыптап, экөө катуу жаңжалдашкан. Андан мурдараак Одесса облусунун губернатору Яценюкту коррупцияга күнөөлөгөн эле. (SE)

XS
SM
MD
LG