Парламент Кыргызстандын акыйкатчысын шайлоого 12 депутаттан турган комиссия түздү. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, бул кызматка КСДП фракциясы Кубат Оторбаевди, “Республика-Ата-Журт” Рита Карасартованы, "Кыргызстан" фракциясы Нуркамил Мадалиевди, “Ата Мекен” Мавлян Аскарбеков менен Толкун Исаковду, “Бир Бол” фракциясы Абдыжапар Бекматовду, “Өнүгүү-Прогресс” - Алишер Мамасалиевди көрсөтүшкөн.
Акыйкатчы болууга жалпысынан 36 талапкер арыз берген. Алардын ичинен фракция жана тиешелүү комитет жети кишини тандап алган.
10-декабрда өткөн шайлоодо фракциялар сегиз талапкерди сунуштап, үч айлампа менен добуш берүүдө алардын эч кимиси жетиштүү добуш алган эмес. (КE)