Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:01

Акыйкатчыны шайлоо: үч киши талапкерлигин алып койду


Акыйкатчылыкка талапкер Мавлян Аскарбеков
Акыйкатчылыкка талапкер Мавлян Аскарбеков

Ушул тапта Жогорку Кеңеш акыйкатчы кызматына талапкерлердин программасын угуп жатат. Жети талапкердин үчөө, мурдагы депутаттар Нуркамил Мадалиев, Абдыжапар Бекматов жана Толкун Исаков өз талапкерлигин алып койду.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, бул кызматка КСДП фракциясы Кубат Оторбаевди, “Республика-Ата-Журт” Рита Карасартованы, "Кыргызстан" фракциясы Нуркамил Мадалиевди, “Ата Мекен” Мавлян Аскарбеков менен Толкун Исаковду, “Бир Бол” фракциясы Абдыжапар Бегматовду, “Өнүгүү-Прогресс” - Алишер Мамасалиевди көрсөтүшкөн.

Акыйкатчы болууга жалпысынан 36 талапкер арыз берген. Алардын ичинен фракция жана тиешелүү комитет жети кишини тандап алган.

10-декабрда өткөн шайлоодо фракциялар сегиз талапкерди сунуштап, үч айлампа менен добуш берүүдө алардын эч кимиси жетиштүү добуш алган эмес. (КE)

XS
SM
MD
LG