Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Жаңы жыл майрамдарында электр энергиясына чектөө болбойт


Бул тууралуу бүгүн Бишкекте энергетиктердин жыйынында өкмөт башчынын кеңешчиси Кубанычбек Турдубаев билдирди. Анын айтымында, бардык чектөөлөр 29-декабрдан тарта алынып салынды.

28-декабрь күнү ГЭСтеги кабелдерде май тамганына байланыштуу эки генератор өчүрүлгөн эле. Мындан улам электр энергиясына чектөө киргизилген. Нарын дарясынын боюндагы кичи ГЭСтерди ишке киргизүү менен чектөө алып салынган. Жыйынга катышкан премьер-министр Темир Сариев элди электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG