Мавлян Аскарбеков жарандык активист Рита Карасартованын пайдасына өз талапкерлигин алып койду. Ал талапкерлердин көбү укук коргоочу катары эмес, саясий көз караштагы, партиянын кызыкчылыгын караган адамдар болуп калганын айтып, шайлоонун ачык болбосуна көзү жеткен соң ушундай жолго барганын “Азаттыкка” билдирди.
Бүгүн түштөн кийин Жогорку Кеңеш Кыргызстандын акыйкатчысын шайлайт. Фракция жана комитеттер арыз берген 36 талапкердин жетөөсүн тандап алган. Бул күнү Аскарбековдон сырткары Нуркамил Мадалиев, Абдыжапар Бегматов, Толкун Исаков шайлоого катышпай турганын билдиришти. (КЕ/SDz)