Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Ички иштер министрлиги Башкы прокуратурадан түшкөн маалыматты текшерет


Ички иштер министрлиги Жол кайгуул кызматынын жооптуу кызматкерлери жеке машиналарга айнекти караңгылатууга мыйзамсыз уруксат берген деген маалыматты текшерүүгө алат. Бул тууралуу “Азаттыкка” министрликтин маалымат катчысы Бакыт Сеитов кабарлады.

Анын айтуусунда, прокуратуранын сунушу ИИМге келип түштү. Министр Мелис Турганбаев өздүк коопсуздук башкы башкармалыгына маалыматты текшерүүгө тапшырма берди. Анын жыйынтыгында чечим чыгарылат.

Башкы көзөмөл орган Жол кайгуул кызматынын ишин текшерип 2015-жылга чейин автоунаалардын капталдагы алдыңкы айнегин караңгылатууга мыйзамсыз уруксат берилгенин аныктап чыкканын кабарлаган. Буга байланыштуу башкы көзөмөл орган аталган кызматтын башчысы Сергей Дьяченконун жана тийиштүү кызматкерлердин жоопкерчилигин кароону Ички иштер министри Мелис Турганбаевге сунуштаган.(КЕ)

XS
SM
MD
LG