Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:28

Атамбаев: 2016-жыл өлкө үчүн жеңил болбойт


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, премьер-министр Темир Сариев жана Жогорку Соттун төрөйымы Айнаш Токбаева менен жолуккан учурда билдирди. Жолугушууда 2015-жылдын жыйынтыктары жана кийинки жылда өлкөнү өнүктүрүүнүн маанилүү багыттары талкууланды.

“Кыргызстан бир калыпта өнүгүү менен 2016-жылга мурдагыдан да кыйла туруктуу жана ишенимдүү кадам шилтеп жатат”, - деген мамлекет башчы келаткан жыл жеңил болбой турганын белгиледи.

Президент мамлекеттүүлүктү бекемдөө, экономиканы өнүктүрүү, жарандардын коопсуздугун, бакубатчылыгын камсыз кылуу боюнча бардык чаралар көрүлүшү зарыл экендигин белгиледи. (КЕ)

XS
SM
MD
LG