Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:42

Оторбаев: Акыйкатчы кызматы - элдик иш


Кубат Оторбаев төртүнчү акыйкатчы.
Кубат Оторбаев төртүнчү акыйкатчы.

Бул тууралуу жаңы шайланган акыйкатчы Кубат Оторбаев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Ал кайсы багытта арыздар көп келип түшсө ошол тармакта ишти күчөтөрүн, республикада кабыл алынган чечимдер боюнча анализдер жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

-Акыйкатчы жалпы Кыргызстандагы жарандардын укугун коргой турган адам. Укук кайсы жерде бузулуп жатат? Мамлекеттик органдар, чиновниктер кабыл алган чечимдер тарабынан бузулуп жатат. Ошондуктан каалайсыңбы, жокпу акыйкатчы калыс сөзүн айтыш керек. Бул жумуш адамдардын укуктары менен эркиндиктерин чектеген, аны бузган мыйзам бузуулар, кыйноо, зордук-зомбулук тууралуу ачык айтып бектен да, хандан да кайра тартпай кызмат кыла турган жумуш.

Бейөкмөт уюмдарды “чет элдик агенттерге” теңөө мыйзам долбоору тууралуу пикирин билдирген Оторбаев, бардык органдарга сырттан келген каражаттардын ачыктыгын колдой турганын, бирок бул кылдат каралчу маселе экенин кошумчалады.

Бүгүн үч талапкердин ичинен Оторбаевге депутаттардын 63ү добуш берди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG