Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:57

Чаткалда эки адам шахтада каза болду


Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы эски шахтада сурьма казып жаткан эки кишини топурак басып калды. Окуя 28-декабрь күнү кечинде болгон. Бул тууралуу “Азаттыкка” Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Бакыт Турдалиев билдирди.

Шахтада калгандардын сөөгүн жергиликтүү тургундар кечээ 15 сааттан кийин гана алып чыгышкан. Алар Ала-Бука районунун Ийри-Суу айылынын 25 жаштагы, Чаткал районунун Айгыр-Жал айылынын 28 жаштагы тургундары болушкан. Каза болгондордун сөөгү бүгүн жерге берилди. Ушул эле жердеги шахтада быйыл апрель айында дагы үч киши каза болгон. (RsK)

 

XS
SM
MD
LG