Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:26

Сариев коопсуздукту күчөтүүнү тапшырды


Бишкектеги Жаңы жыл шааниси.
Бишкектеги Жаңы жыл шааниси.

Премьер-министр Темир Сариев алдыдагы майрам күндөрү маданий-массалык иш-чаралардын уюшкандык менен өткөрүлүшүн, ошондой эле коомдук жана өрткө каршы коопсуздукту сактоо чараларын камсыздоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Ошондой эле укук коргоо органдарына шаарлардын борбордук аянттарында, маданий мекемелерде, эс алуу жайларында, соода борборлорунда коомдук тартипти сактоо, маанилүү стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыздоону күчтөндүрүүнү тапшырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөт башчынын маалымат катчысы Бакыт Асанов билдирди.

Анын айтуусунда, Билим берүү жана илим министрлигине, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине кышкы каникул учурунда балдардын маданий эс алуу программасын жана тийиштүү иш-чараларды уюштуруу милдети жүктөлдү. Ушундай эле тапшырмалар башка да министрлик, мекемелерге берилди. Өкмөттүн аппараты жана башка мамлекеттик органдарда жаңы жылдык майрам күндөрү кезмет уюштурулат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG