Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:21

Тажикстан тыюу салынган партия жетекчисин чакырган Иранга нааразы


Мухиддин Кабири Ирандын Улук жетекчиси Аятолла Хаменейи менен жолуккан учур. Тегеран, 30-декабрь, 2015-жыл.
Мухиддин Кабири Ирандын Улук жетекчиси Аятолла Хаменейи менен жолуккан учур. Тегеран, 30-декабрь, 2015-жыл.

Буга байланыштуу Ирандын Дүйшөмбүдөгү элчиси Худжатулло Фигониге Тажикстан тышкы иштер министрлигинин нааразылык нотасы тапшырылды.

Тажик бийлиги өлкөдө тыюу салынган «Ислам кайра жаралуу» партиясынын жетекчиси Мухиддин Кабири Тегеранга чакырылып, исламдагы биримдик конференциясына катышканына нааразы болууда. Бул конференцияда Ирандын президенти Хасан Роухани да чыгып сүйлөгөн.

Тажик тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Кабириге «мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенгени» үчүн кылмыш иши козголуп, ага эл аралык издөө жарыяланган.

«Ислам кайра жаралуу» партиясын быйыл сентябрдын соңунда Тажикстандын Жогорку соту «террористтик жана экстремисттик уюм» деп тапкандан бир ай мурда эле анын ишине тыюу салынып, жетекчилигинен 20дай киши камакка алынган.

Тажик өкмөтү бул партияны 4-сентябрда Дүйшөмбүдө полиция бекеттерине жасалган кол салуулар үчүн да айыптаган. Анда 26 кишинин өмүрү кыйылган. (UE)

XS
SM
MD
LG