Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:54

2016-жыл Тарых жана маданият жылы деп жарыяланды


Кошой-Коргондогу тарыхый музейдеги экспонаттар
Кошой-Коргондогу тарыхый музейдеги экспонаттар

Президент Алмазбек Атамбаевдин бүгүн кол койгон буйругуна ылайык, 2016-жыл Тарых жана маданият жылы деп жарыяланды.

“Тарыхый жана маданий бай мураска ээ болуп туруп, өлкөбүз өз өнүгүүсүндө бул кудурет-күчүн жетишсиз пайдаланып жатат. Акыркы жылдары Кыргызстандын окумуштуулары, асыресе тарыхчылар жана башка социалдык илимдердин өкүлдөрү изилдөөлөрдү жандандырышты, бирок өлкөбүздү мындан ары өнүктүрүү кызыкчылыктары бул иштерди дагы күчөтүүнү талап кылууда. Жаңы изилдөөлөр Кыргызстан тарыхынын жана маданиятынын чала изилденген жерлерин ачыкка чыгарып, аларга бирдиктүү көз карашты калыптандырууга тийиш. Бүгүн маданият чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өркүндөтүү өзгөчө зарыл. Кошумча ресурстарды тартуунун эсебинен өз ишин өнүктүрүүгө күч үрөгөн айрым маданий мекемелердин жигердүү иштери мамлекеттин колдоосуна муктаж”, - деп жазылган президенттин жардыгында. Ошондой эле мамлекет соңку кезде маданиятты жана искусствону өнүктүрүүгө жетиштүү көңүл бурбай, жаштар үчүн адеп-ахлактык жаңы багыттар калыптанбай калганы белгиленген.

Буга байланыштуу өкмөткө эгемендиктин 25 жылдыгын өткөрүү боюнча иш-чараларды даярдоо Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгуу тапшырмасы берилди. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG