Мындай билдирүүнү Сириядагы жарандык согушка башынан бери байкоо салып келе жаткан уюм – Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы жасады.
Баш кеңсеси Британияда жайгашкан бул уюмдун эсебинде, Орусия Сирияда аба соккуларын баштаган сентябрдын аяк ченинен бери андан өлгөндөрдүн саны 2371ге жетти.
Курмандыктардын үчтөн бири жайкын тургундар, алардын 180и балдар. Орусия буга байланыштуу кайрадан сынга кабылууда.
Москва аба соккулары башталгандан бери террорчуларды гана бутага алып жатканын ырастап келет.
Бирок АКШ жана Батыш өлкөлөрү Орусия “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлерине караганда, президент Башар Асаддын режимине каршы күрөшкөн козголоңчул топторду бутага көбүрөөк алып жатканын буга чейин бир нече ирет билдиришкен. (UE)