Алматынын Алмалуу районунун прокуратурасы Nakanune.kz оппозициялык сайтынын негиздөөчүсү, журналист Гүзел Байдалинованын баш коргоо чарасын өзгөртүүгө каршы чыкты. Алматы шаардык соту буга чейин камактагы журналистти күрөөгө бошотууга макул болгон эле. Прокуратуранын каршылыгынын көчүрмөсү шаршемби күнү адвокат Инесса Кисилевага берилди.
Байдалинова азыр тергөө абагында отурат. Ал өткөн ишембиде эки айга камакка алынып, кийинчерээк сот прокуратура каршылык көрсөтпөсө, журналистти күрөөгө бошотуу чечимин чыгарган.
Гүзел Байдалинова буйрутма менен жалган маалымат жазган деген айыптын негизинде 23-декабрда кармалган. Ал “Казкомерцбанк” жана башка аткаминерлердин ишмердиги жөнүндө туура эмес макала жазган деп айыпталууда. (SE\NT)