Лондондун борбордук кылмыш соту мындай өкүмдү бүгүн чыгарды.
Өмүр бою эркинен ажыратылган 27 жаштагы Мохаммед Рехман менен 24 жаштагы Сана Ахмед Хан Лондондо 2005-жылдын июлундагы жардыруулардын 10 жылдыгына тушташ теракт жасоого ниеттенишкен деп айыпталды.
Полициянын быйыл 28-майдагы рейди учурунда жубайлардын Рединг шаарындагы үйүнөн чоң кубаттуулуктагы бомба жасоо үчүн зарыл химиялык заттар табылган.
Лондон сотунун өкүмүнө ылайык, алар абактан мөөнөтүнөн бошонууга кеминде 27 - 25 жылдан кийин укук алышат.
Британ борборунда 2005-жылдын 7- июлунда төрт мусулман жанкечти жасаган жардыруудан 52 кишинин өмүрү кыйылып, жүздөгөндөрү жаракат алган. (UE)