Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:21

Кыргыз-өзбек чек арасындагы чырды жумушчу топ иликтеп жатат


Кыргыз-өзбек чек арасы.
Кыргыз-өзбек чек арасы.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында курал колдонулган окуяга байланыштуу жумушчу топ иликтөө жүргүзүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн укук-тартип жана коргонуу бөлүмүнөн “Азаттыкка” билдиришти. Иликтөө жыйынтыгы келерки апта башында билинет. Жумушчу топ тийиштүү кызматтардан жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн куралган.

30-декабрь күнү Баткен районунун Боз-Адыр айылы менен Өзбекстандын Шархабод айылынын чектеш аймагындагы өзбек чек арачылары Кыргызстандын эки жаранына ок чыгарган. Бири жамбашынан, дагы бири далысынан жараат алып, Баткен облустук оруканасына түшкөн. Азыр абалдары туруктуу. Алар аткезчилик кылган деп шектелүүдө. (JsA)

XS
SM
MD
LG