Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:01

Алайкууда көчкү жүрүү коркунучу бар


Алайкуу унаа жолу.
Алайкуу унаа жолу.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, Кара-Кулжа районунун Тектир аймагында көчкү жүрүп кетүү коркунучу сакталууда. Маалыматка караганда, былтыр ушул аймакта көчкү жүргөн. 20-декабрдан тартып анын активдешүүсү байкалууда.

Болжол менен 98 миң куб метр көчкү Кара-Куз дарыясын жана Ылай-Талаа – Жаңы-Талап – Түшүнүк автожолун жаап калышы мүмкүн. Коркунучту алдын алуу үчүн өзгөчө кырдаалдар жана унаа, байланыш министрлиги 700 метрлик жаңы, коопсуз  жол ачып берди. (КЕ)

 

XS
SM
MD
LG