Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:27

Токтогулов: Телтаев боюнча соттук-экспертизанын жыйынтыгы чыга элек


ИмашТелтаев
ИмашТелтаев

Бул тууралуу бүгүн парламент жыйынында башкы прокурдун орун басары Кылычбек Токтогулов билдирди. Анын айтымында, учурда тергөө иштери уланууда.

- Азырынча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Телтаев медициналык-санитардык бөлүмгө чыгарып койгон. Ал камерада жатышы керек болчу. Эгер ооруп жатса, 47-абакка которулушу керек эле. Бул иш азыр тергелип жатат, актуалдуулугун эске алып, ишти Башкы прокуратуранын өндүрүшүнө алдык.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Телтаев боюнча кылмыш иши козголгон адам биринчи ишинен бошоп, башка ишке которулганын сындап чыкты.

Бүгүн депутаттар 50-түзөтүү мекеме-абагынан соттолгондордун качып чыгышынын жагдайларын иликтөө боюнча Жогорку Кеңештин токтомун талкуулап, жактырды. Учурда бул иш боюнча тергөө жүрүп жатканына байланыштуу депутаттык комиссия түзүлгөн жок. Токтомдо көрсөтүлгөндөрдү аткаруу үчүн өкмөткө март айына чейин убакыт берилди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG