Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Рыскелди Момбеков Жаза аткаруу кызматынын башчысы Алик Мамыркуловго катуу сөгүш жарыяланганына карабай кызматтан кетпей жатканын белгиледи. Бул тууралуу депутат 50-абактагы кандуу окуянын чыгышынын жагдайларын иликтөө боюнча Жогорку Кеңештин токтомун талкуулаган учурда билдирди.
- Бул маселени комитетте карап жатканда Алик Мамыркулов "мен юрист, адис эмесмин, мени жөн эле мажбурлап кармап турат" дегендей таризде айтты. Ошондо "азыр да кызматтан кетүүгө даярмын, 50-абактагы качып кетүүлөр боюнча күнөөмдү мойнума алам" деди. Эмнеге аны кармап турабыз?
Өкмөттүн алдындагы коопсуздукту камсыз кылуу кеңеши 50-абактагы соттолгондордун качышы боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Алик Мамыркуловго, анын орун басары Орозбек Энтериевге катуу сөгүш жарыялаган. Кылмышкерлердин абактан качуусу бул системадагы иштин алсыздыгынан жана ыкчам-кызматтык аракеттердин көрүлбөгөнүнөн келип чыкканы айтылган. Ошондой эле Жаза аткаруу кызматындагы бардык багыттар боюнча ишти канааттандырарлык эмес деп тапкан.
Буга чейин бул кызматтын Байкоочулар кеңеши соңку чуулгандуу окуялар боюнча ЖАМКнын башчысы Алик Мамыркулов кызматтан алынсын деп өлкө жетекчилигине кайрылган эле.
11-октябрда Чүйдөгү №50 абактан тогуз кылмышкер күзөттөгү үч кызматкерди өлтүрүп, дагы бирин оор жарадар кылып качкан. Аларды кармоо учурунда жөн-жай эки тургун окко учкан жана кылмышкерлердин көпчүлүгү өлтүрүлгөн. (КЕ)