Жаңы Зеландиянын борбору Окленд шаарынын чок ортосуна топтолгон тургундар жаңы жыл кирип келе жаткан убакыттын ар бир секундун чогуу санап тосуп алышты. Туура түн жарымда шаардын 328- метрлик Скай-Тауер мунарасында жаңы жылдык көгүлтүр от жагылып, андан майрамдык фейерверктер атылды. Жаңы 2016-жыл жаңырганда салюттар беш мүнөткө чукул жаңырып турду. Фейерверктер жогорку бийиктиктен атылгандыктан аны Окленддин жана анын айланасындагы шаарчалардын бардык тургундары көрө алышты.