Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:02

Атамбаев: Кыргыз көчү эч качан үзүлбөшү керек


Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Жаңы жыл майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчынын куттуктоосунда узаган 2015-жылда Кыргызстанда бир топ жакшы окуялар болгону, парламенттик шайлоону адилет өткөрүп, элдин саны 6 миллионго жеткени, жолдор салынып жатканы белгиленген.

“Датка-Кемин электр линиясы ишке берилип, коңшуларга кор болбой калдык. Бул чындыгында тарыхый окуя. Эң негизгиси - жерибизде тынчтык, эл ичинде ынтымак болгондо гана оомат ооп келерин көрдүк. Ак эмгек менен адил сөз гана ар бир жаранды дөөлөткө жеткирерин көрдүк”, - деди президент.

2016-жылы Кыргызстан эгемендиктин 25 жылдыгын белгилей турганын айткан мамлекет башчы, “тарыхыбызды, өткөн жолдорубузду изилдеп, элибиздин келечеги үчүн өмүрүн берген ата-бабаларыбызды эскерип, тилибизди, дилибизди, маданиятыбызды көзүбүздүн карегиндей сакташыбыз керек. Бирөөлөрдү ээрчип, маңкурт болбош керек. Кыргыз көчү эч качан үзүлбөшү керек”, -деди.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктап, ар бир үй-бүлөгө жакшылык тиледи. (КЕ)

XS
SM
MD
LG