Адольф Гитлердин “Майн Кампф” китеби бүгүнтөн тарта Германиянын бардык аймактарында мыйзамдуу түрдө сатыла баштады. Буга чейин китепке Бавария өкмөтү ээлик кылып келген. “Менин күрөшүм” деп аталган китепте Гитлер өзүнүн расистик жана антисемитисттик көз карашын жазган. Гитлер бийликке келгенден кийин анын жазгандары улутчулдардын “ыйык жазуусуна” айланган жана ал Германияда 12 млн. нуска менен чыккан.
4 миңге чукул тарыхчылардын комментарийлери кошулган китеп кайрадан жөөттөр коомчулугунун макулдугу менен басылып чыккан. Алар бул китеп Холокосттун маңызын түшүндүрөт деп айтышкан. (КЕ)