Германия түштүгүндөгү Мюнхен шаарынынын башкы темир жол бекети менен калаанын батыш тарабындагы дагы бир бекет жуп жаңы жыл алдында "олуттуу кооптуулуктан" улам жабылган эле. Жыл жаңырарына 90 мүнөт калганда бул эки темир жол бекетинен адамдар шашылыш чыгарылып, тишине чейин куралданган полициянын курчоосуна алынган.
Ага бул эки бекетте "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу менен байланышкан бештен жетиге чейин адамдан турган топ теракт жасоого белсенип жатканы тууралуу маалымат себеп болгон. Мюнхен полициясынын башчысы Хубертус Андре мындай маалымат немис бийликтерине чет элдик чалгындан түшкөнүн билдирди. Шаарда катуу текшерүүлөр бүгүн, 1-январда да уланып, шектүүлөрдү табуу үчүн 550 офицер тартылганы кабарланууда.
Полиция калаада кооптуулук дале жогору экенин эскертип, элди кыраакылыкка чакырды.