Ушул жылдын 1-январынан тарта сырттан ташылып келинген машиналардын бажы төлөмү көтөрүлдү. Бажы кызматынын маалыматына караганда, жаңы тарифтик торчо автоунааларды ташуу боюнча Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн убактылуу жобосуна жана шарттарына ылайык бекитилди. Анда соңку бир жыл ичинде өндүрүштөн чыгарылган, жаңы унаалардын бажы төлөмү бир кубуна 2400дөн 3600 миң долларга чейин болот. Ал эми чыкканына 10 жылдан өткөн машиналардын бажы төлөмү 3100дөн 4600 долларга чейин деп көрсөтүлгөн.
Кыргызстан ЕАЭБга киргенден кийин унаа баасы кескин төмөндөдү. Унаа ташып саткан ишкерлердин билдиришинче, акыркы айларда машиналарга суроо-талап дээрлик токтоду. (КЕ)