Линктер

дүйшөмбү, 25-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:46

4-январдан баштап борбор калаанын кээ бир райондорунда жаратылыш газына чектөө кирет. “Газпром Кыргызстан” компаниясы тараткан маалыматка ылайык, газ түтүктөрүн калыбына келтирүү иштерине байланыштуу Лермонтов жана Жибек-Жолу көчөлөрүндө 6-январга чейин газ өчүрүлөт.

Газ түтүгүндө жараканы калыбына келтирүү үчүн Алма-Ата жана Чоң Чүй каналынын айланасында дагы жаратылыш газына чектөө кирмекчи.

"Газпром Кыргызстан" алдыңкы жылдарда эски газ түтүктөрүн жаңылап, 2019-жылдын аягына чейин Бишкекте 33 чакырым газ түтүкчөсүн куруп, 40 миңден ашык үй жана имаратты газ менен камсыздай турганын маалымдаган. (SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG