Куляб шаарынын соту аскер комиссариатынан качкан үч баланы бир жылга шарттуу кесип, айып төлөөгө милдеттендирди. Алар аскер комиссариатынын айнегин талкалап, бейбаштык кылып качып кетишкени үчүн ар бири 4 миң сомониден төлөшөт.
Тажикстанда аскерге чакыруу мөөнөтү бир ай мурда соңуна чыккан. Качкан балдардын биринин ата-энеси комиссариаттын кызматкерлери алардын баласын күчкө салып, аскерге алып кеткенин айтууда.
Ал ортодо Куляб шаарынын аскер комиссары Дилмурод Назаров балдарга үч жолу аскерге чакыруу барагы жиберилгенин айтып, акырында милициянын жардамы менен комиссариатка алып келингенин билдирди.
Балдардын жакын туугандары комиссариаттын имаратынын алдында чуу кылганынан, айнекти талкалап, качып кеткенин айтып, материалдар аскердик комиссариатка өтөрүн кошумчалады.
Балдардын ата-энелери болсо соттун чечимине макулдугун билдиришип, айыпты төлөөгө ынанганын “Азаттыктын” тажик кызматы кабарлоодо. (SDz)