Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:09

Орусия: Кыргыз мигранттар эң сабаттуу деп аныкталды


Орусиядагы кыргыз мигранттар
Орусиядагы кыргыз мигранттар

Орусияда мигранттар үчүн киргизилген орус тили, укуктук негиздер жана Орусиянын тарыхы боюнча милдеттүү сынактын бир жылдык жыйынтыгы чыгарылды. “Известия” гезити жазгандай Украина менен Кыргызстандын жарандары эң адептүү жана сабаттуу деп аныкталды.

2015-жылы сынакка Өзбекстандын жарандары көп катышкан (44%), андан соң тажиктер (23%), үчүнчү сапты 11% менен украиналыктар ээлеген. Жыл ичинде милдеттүү сынакка 3% кыргыз жарандары катышкан.

2015-жылдын 1-январынан тарта Орусияда жумушка орношууну каалаган бардык мигранттар комплекстүү сынактан өтүшү керек. Кыргызстан өткөн жылдын 12-августунда ЕАЭБдин толук кандуу мүчөсү болгондон тарта Орусиядагы кыргыз мигранттары экзамен тапшыруудан бошотулган. (SDz)

XS
SM
MD
LG