Калифорнияда асманда бир нече учак америкалык миллиардер Дональд Трампты мазактаган сөздөрдү жазып учушту. Окуя Пасадена шаарындагы жылдык парад маалында болду. Республикалык партиянын ичинен АКШнын президенттигине талапкер болуп чыгууга жарышкан Дональд Трампка багытталган абадагы жазууларда “Трамп келбесин” жана “Трамп жийиркеничтүү” деген саптар окулду.
Иш чаранын уюштуруучулары бул акцияга тиешеси жок экенин айтууга шашышты. Ал арада алабамалык жигит мазактоону өз мойнуна алып, Трамптын үгүт учурунда айрым сөздөрү аны айран таң калтырганын билдирди.
АКШдагы Республикачылдар партиясынын атынан президенттикке талапкер болууга Трамптын мүмкүнчүлүгү башкалардан жогору деп бааланууда. Дебат учурунда анын айрым пикирлери көпчүлүктүн терс реакциясын пайда кылган. Айрыкча анын АКШ чек арасын мусулмандар үчүн жабышы керек деген билдирүүсү америка коомунда чоң талкуу жараткан. (SDz)