Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Маргелашвили Ооган жана Африкадагы жоокерлерин куттуктады


Грузиянын президенти Георгий Маргелашвили Ооганстан жана Борбордук Африка республикасында жүргөн грузиялык жоокерлерди жаңы жылы менен куттуктады. Коргоо министрлигинин борбордук башкармалыгынан президенттин куттуктоосу аталган өлкөлөрдө тынчтык миссиясына катышып жүргөн аскерлерге багытталды – деп билдирет «Sputnik-Грузия».

Президент Маргелашвили менен катар жоокерлерди Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы, президенттин аппарат башчысы, коргоо министри жана башкы штабдын жетекчисинин орун басары кошо куттуктады.

Грузиянын тынчтык миссиясы Борбордук Африка республикасында 2014-жылдан бери Евробиримдик менен чогуу катышып келатат. Ал эми Ооганстанга Грузиянын аскерлери НАТОнун алкагында 2015-жылдын январында кошулган. (SDz)

XS
SM
MD
LG