Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Турдубаев: Токтогулда 24 саат бою оңдоо иштери жүрүүдө


Жарактан чыккан Токтогул ГЭСинин экинчи трансформаторунун шакекче кабелинин муфтасын оңдоо боюнча иштер толук кандуу жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн Токтогул ГЭСине барган премьер-министрдин кеңешчиси Кубанычбек Турдубаев маалымдады.

- Учурда 20дан ашык адис эки кезмет менен 24 саат бою иштеп жатат. Алардын арасында орусиялык адистер да бар. Жабдыкты алмаштыруу 15-январга чейин бүтɵт. Ал эми 28-декабрда иштен чыккан Токтогул ГЭСинин 500 киловаттык кабелди алмаштырууга эки айлык мɵɵнɵт болжолдонууда. Учурда керектүү жабдыктар, адистер жетиштүү – деди Турдубаев.

Кубанычбек Турдубаев калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кыларын, учурда жетиштүү резервдер бар экенин билдирди. Анын маалыматы боюнча, Токтогул ГЭСинен тɵмɵндɵ турган ГЭСтердин кубатуулугу жогорулатылды.

- Калкты электр энергия менен толук кандуу камсыз кылууга резервдер бар. Бирок учурдагы энергетикалык коопсуздукту күчɵтүү үчүн электр энергиясын импорттоо боюнча Казакстан менен сүйлɵшүүлɵр жүргүзүлүп, Экибастус ГРЭСи менен алдын ала келишимге коюлду, – деп кошумчалады Турдубаев.

Өз кезегинде Токтогулдагы абал менен жеринде таанышууга барган премьер - министр Темир Сариев ГЭСтэги оңдоо иштерин сапаттуу жана тез арада бүткɵрүүнү тапшырды.

28-декабрь күнү ГЭСтеги кабелдерде май тамганына байланыштуу эки генератор өчүрүлгөн эле. Мындан улам электр энергиясына чектөө киргизилген. Нарын дарыясынын боюндагы кичи ГЭСтерди ишке киргизүү менен чектөө алып салынган.

Өлкөнүн энергетиктери буга чейин Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү жетиштүү болгондуктан тыштан электр жарыгы сатып алынбасын билдиришкен эле. Бирок кырдаалга байланыштуу коңшу өлкөлөрдөн 6 миллион киловатт-саат электр энергиясын сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. (SDz)

XS
SM
MD
LG